Саясат
Жогорку Кеңеш кышка даярдыкты талкуулайт
Жогорку Кеңеш бүгүн, 5-ноябрда жалпы жыйынга чогулуп, бир нече маселени карайт. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, күн тартибиндеги биринчи маселе – президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка быйыл 5-6-октябрдагы окуялар учурунда келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүү.
Мындан тышкары депутаттар өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат, андан кийин өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча ишин талкуулашат.
Коронавирус боюнча азыркы эпидемиологиялык абалды адистер экинчи толкун деп атап жатышат.