Саясат

Жаңы башкаруу системасы жана жаңы экономикалык саясат: Садыр Жапаров эмне деди?

Бүгүн Кыргызстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Бүгүндөн баштап, өлкөбүз Садыр Жапаров кол койгон жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайт.

Жаңы Конституция менен октябрь окуясынан кийин эл талап кылган президенттик башкаруу формасы орнотулду. Коомубуз, «талкууга көбүрөөк убакыт керек эле» дегендер менен тезирээк укуктук талаага кайтып келишибизди жактагандарга бөлүнсө да, референдумда дээрлик 80 пайыз эл жаңы Конституцияга «макул» деген жообун айтышты.

Бүгүндөн баштап өлкөдө башкаруу системасы өзгөрөт.   

 Садыр Жапаровдун айтымында, башкаруу блогу аткаруу бийлигинин төрт багытында түзүлөт:

1 — Министрлер кабинети элдин жашоосун жакшыртууну камсыз кыла турган үзгүлтүксүз жана натыйжалуу ишти уюштурат.

2 — Коопсуздук Кеңеши коопсуздукту камсыз кыла турган жана кризистик кырдаалдарда иш алып барган түзүм болот.

3 — Туруктуу Өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жана анын катчылыгынын базасында өлкөнүн өнүгүүсүн башкаруу системасы түзүлөт. Бул түзүм, стратегиялык маселелер, ири инвестициялык долбоорлор, реформаларды даярдоо жана аларды ишке ашыруу, ошондой эле улуттук программаларды көзөмөлдөө менен алектенет.

4 — Улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелери өзүнчө блокко камтылат.

«Бул багытта Мамлекеттик катчы иш алып барат. Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет. Бүгүн мен кыскача айткан сунуштар менен көрсөтмөлөр Президенттин өлкөнү орто мөөнөттүү мезгил ичинде өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Өнүгүү стратегиябыз даяр. Мен аны министрлер кабинетине тапшырам, министрлер кабинети стратегияны ишке ашыруу программасын саналуу күндөрдө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет», — деп кошумчалады Жапаров.

Баш мыйзам менен кошо өнүгүүнүн негизги багыттары да айтылды.

Экономикалык өнүгүүнү камсыздоо үчүн Президент төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

 Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү

Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Бул үчүн соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Ошондой эле калкты  вакцинация уюштурулат.

Үчүнчүсү, азык-түлүк товарларынын кымбатташына жол бербөө. Калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин өкмөт көз жаздымда калтырбай, бааларды тез арада жөнгө салышы керек.

Ошондой эле Президент алдыга төмөндөгүдөй милдеттерди койду. 2021 – жылдын 1 – октябрына чейин  Жогорку Кеңештин кароосуна жаңы Салык кодекси жана социалдык төлөмдөрдү төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзамдын долбоору киргизилет.

Бизнести себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз. Көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлат, лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыскартылат, фискалдык система реформаланат.

 Соттук реформа ишке ашырылат, тышкы сооданын структурасы сапаттуу жагына өзгөрөт, өлкөбүздүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт.   

 „Бир алкак — бир жол“ долбоорунун алкагында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралын куруу башталат, заманбап шарттары бар мульти модалдык негиздеги жүк ташуучу авиахаб түзүлөт.

 Мамлекеттик мүлк фонду жоюлат, менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктөрдү министрликтерге, мекемелерге жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына берилет.

Өкмөт турак-жай боюнча жаңы мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгат. Анын максаты кыймылсыз мүлккө болгон бааны төмөндөтүү, анын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, өлкөнүн бардык аймактарында арзан турак-жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү. Жакынкы алты жылда 800 миң чарчы метр турак-жайдын курулушун каржылоо үчүн 30 миллиард сом тартылат.

 “Кыргыз Ааламы” улуттук программасы иштелип чыгып, Кыргызстанда  жана чет жакта жашаган кыргыздардын маданий интеграциясын сактоого жана бекемдөөгө, кыргыздар жашаган тарыхый аймактар менен маданий-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталат.

Мамлекет башчысы кыргыздардын дүйнөлүк курултайынын жана кыргыз форумунун туруктуу иштөө механизмдерин жандандырат.

 Куралдуу Күчтөрдү реформалоого өзгөчө көңүл бурулду. Армия тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүргүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштурулат. .

Ошондой эле „элдик кошуундарды“ түзүү пландалууда. Бул система чек ара аймактарында жашаган калктын жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button