Эртең президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрөт

Эртең, 12-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Маалымат жыйында ал социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка темаларга байланышкан суроолорго жооп берет.

Маалымат жыйын КТРКдан түз алып көрсөтүлөт.