Окуялар

ӨКМ: Кадамжайда үйү менен кошо 46 жаштагы киши күйүп кетти

Баткендин Кадамжай районундагы Алга айылындагы үйдөн кечээ өрт чыгып, 46 жаштагы киши кошо күйүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Аянты 96 чарчы метр турак үйдүн шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1974-жылы туулган адам денесинен күйүк алып каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Сөөктү куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

ӨКМден өрттүн эмнеден чыкканы такталып жаткандыгын айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button