Анжелика эмнеге мынчалык капа болуп атат? Кошоматыңарды кыла бергиле дейт, жини келип

“Аябай капа болуп отурам. Бүгүн кызымдын жана менин клипим чыкмак. Эфирге чыгарыш үчүн бир клипке 45 миң сом дешти. Ал эми радиолордон ырларыбызды такыр алып салган. Ай сайын акчаны чөнтөктөрүнө салып турмайынча чыгарышпайт. Бир ыр – аранжировка, обону, сөзү, жаздыруу, аспаптар – 80 миң сомдон 300 миң сомго чейин турат. Ошондо той чыкса ырдайсың, чыкпаса чыгармачылыгыңды үйдө уланта бер деген заман.

Бир гана ютуб каналыма жана баракчама клиптер чыгат. Клипке 40 миң сомдон жогору акча коротосуң. Ал эч кандай акталбайт. Бул чыгармачылыкка болгон сүйүүбүз өтө кымбат болуп бара жатат. Ырчылардын 90% да азыр иш жок. Киреше жок. Зарыл тойлор өтө аз төлөйт. Байкасаңар, кээ бир каналдардан кетип жаткан клиптердин сапаты өтө начар. Бирок, эфирде. Көрсө, ротацияга акчаны көбүрөөк берип, арзаныраак клип тартыш керек экен. Ырларыбызды дагы телеграмм жана ютуб каналыман гана уга аласыздар. Кайсы радио жактырып өзүлөрү угармандары менен бөлүшсө ыраазы болом. А так өзбек, казактардыкын эфириңерге кое бергиле. Өзүбүздүкүлөрдү колдогончо башкаларга кошомат кыла бергиле. Сөз ээсин табат”, – дейт Анжелика, өз баракчасында.