Өткөн суткада коронавирус 422 кишиден табылып, беш бейтап каза тапты.Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 130;
- Ош – 22;
- Чүй облусу – 93;
- Ош облусу – 45;
- Талас облусу – 20;
- Нарын облусу – 16;
- Ысык-Көл облусу – 51;
- Жалал-Абад облусу – 24;
- Баткен облусу – 21.
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 68 316га жетти. Ал эми илдеттен каза болгондор Бишкекте, Таласта, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында экени айтылды.
Ушуну менен пандемия башталгандан тарта оорудан сакая албай 1 217 кыргызстандыктын көз жумганы белгилүү болду.