УКМК: Кара-Сууда эки айыл өкмөттүн үйүн тинтти. Бири Матраимовдун өкүл баласы

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйү тинтүүгө алынды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Атайын кызмат буга чейин Ош шаары жана Ош облусунда кылмыш жасоо үчүн уюшкан кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө чараларын улантып жатканын белгиледи. Бул аракеттер криминалдардын облустагы коомдук-саясий кырдаалга таасир этишине жол бербөөгө багытталганы айтылат.

“Кечээ, 18-ноябрда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттун санкциясы менен барып Савай жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчыларынын жашаган үйү тинтүүгө алынды. Натыйжада Сарай айыл аймагынын башчысынын үйүнөн курал табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Ал эми Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иш бөлмөсүнүн эшигине мөөр басылды”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун мизин кайтарууга багытталган иш-чаралар мындан ары дагы улантыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, аты аталган эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын желеги алдында катышкан. Бири 119, экинчиси 126-тизмеде болчу. Алардын бири Мунарбек Сайпидинов Райым Матраимовдун өкүл баласы экени маалым.