Камчыбек Ташиев чек араны аныктоо боюнча өкмөттүк комиссияга жетекчи болду

233

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациясына Камчыбек Ташиев жаңы жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Камчыбек Ташиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу болду.

Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.