Саясат

Садыр Жапаров баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзү ачыларын айтты

Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров баш мыйзамдын долбоору ага тиешелүү дегендерге социалдык тармактагы баракчалары аркылуу кайрылуу жасады.

“Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат”, – деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:

“Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам”, – дейт ал өз билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button