УКМК: Мамлекеттик Салык кызматындагы коррупциялык схема ачыкка чыкты

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик салык кызматында тутумдук коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн биринин кызмат адамдары тарабынан уюштурулган,КНСти мыйзамсыз кайтарып берүү үчүн коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жооптуу кызмат адамдары айрым чынчыл эмес ишкердик субъекттери менен кылмыштуу бүтүмгө келишип, КНСти кайтарымсыз механизмди системалуу түрдө анча-мынча суммаларга бөлүп түзүшкөн. Бул иш-чаралар ишкердик субъекттерине КНС салыгын кайтарып берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны айланып өтүп, 300 миң сомдон ашык суммадагы салыктарга байланыштуу маселелерди талкуулаган КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берди.

АККнын демилгеси менен жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 5 миллион 700 миң сом өлчөмүндө зыян аныкталып, ал чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан толугу менен төлөнүп берилген.

Сотко чейинки процесстин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча МСКтин борбордук аппаратынын бөлүм башчысы “АР”,  Бишкек шаарынын салык кызматынын аймактык бөлүмүнүн инспектору “МТ”кармалды.