Бишкекте абанын тазалыгын текшерген жабдуулар орнотулат

Бишкек мэриясы абанын тазалыгын текшерген жабдууларды орнотот. Бул тууралуу мекеменин расмий сайты жазды.

«Таза аба» долбоорун мэрия Экологиялык маселелерди чечүү институту менен бирге ишке киргизүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 24-ноябрга карата борбор калаада абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр былтыркыга караганда 35-50%га ашкан.

Абанын тазалыгын текшерүү максатында шаарда 39 жабдык орнотулат. Андагы маалыматтар баарына жеткиликтүү болору айтылды.