Кыргызстанда жаңы жылдык оюн-зоокторго тыюу салынат

Кыргызстандын бардык аймактарында жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Буга коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максаты себеп болууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бүгүн, 26-ноябрда брифингде билдирди. Сурабалдиева мамлекеттик жана башка ишканалардын жамааттарында да чогулуп, жаңы жылдык кечелерди өткөрбөөгө чакырды. Анын айтымында, өкмөттүн бул талабы мамлекеттик ишканаларга, аймактардагы жергиликтүү башкаруу органдарына да катуу эскертилди.

Вице-премьер-министр азырынча мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салуу эртелик кыларын белгилеп, кинотеатрлардын иши аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша жанданарын билдирди. Анын айтымында тойкана, ашкана жана башка 50дөн көп эл чогулуучу коомдук тамактануучу жайлардын ишин жандантуу үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда.

24-ноябрда өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды кайра ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берип жатканын маалымдаган. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөп, жооптуу болору айтылган.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1200дөн ашууну көз жумду. Азыр ооруканада жаткан 3 миңдей бейтаптын 127синин абалы оор.