Коом
Ош шаарында тамактануучу жай өрттөндү
Ош шаарында тамактануучу жай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык шаардын Раззаков көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен «Минутка» тез тамактануучу жайынын 4 чарчы метр шыбы күйдү. Учурда өрттүн себеби такталууда.