Бишкектин көчөлөрүнө 164 тонна туз себилди

Бүгүн, 13-январда кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 164 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

“Бүгүн 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 4 кичи трактор, 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч иш алып барууда. Бишкек шаарында туруктуу таштандыларды тазалоо үчүн 640ка жакын көчө тазалагыч, 123 жүктөгүч, санитардык тазалоо кызматкерлери жана жүздөн ашуун адамдан турган бригада иштеп жатат. Санитардык тазалоо үчүн 52 атайын техника, таштанды чыгаруу үчүн 47 атайын техника тартылган. Эртең менен саат 08:00дө болжол менен 164 тонна туз сарпталды”, – деп жазылат билдирүүдө.