Саясат

Россиядагы жетекчи шайлоо өткөрүүнү Кыргызстандан үйрөнүүнү сунуштады

Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин АКШга Кыргызстан менен Казакстандан шайлоо өткөрүүнү үйрөнүүнү сунуштады.

Володин «Россия 24» телеканалына интервью берип жатып, Мамлекеттик думанын депутаттары 10-январда Кыргызстан жана Казакстанда өткөн шайлоолорго байкоочу катары катышканын билдирди.

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум, ал эми Казакстанда Мажилис жана маслихаттарга шайлоо өткөн.

«Билесиңерби, жыйынтыгында алардын баары (депутаттар) шайлоолор ошол өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилешти. Шайлоо атаандаштык менен жана ачык өткөн. Буга байланыштуу АКШ алардын эски системасы, бир дагы эл аралык байкоочусу жок өткөн жабык шайлоо системасы менен, шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан жана Казакстандан үйрөнсө болот», — деди Володин.

Ал бүгүнкү күндө ЖККУ (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюуму) жана КМШга кирген өлкөлөрдө шайлоо стандарттары «өтө жогору» экенин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button