Кыргызстандык режиссёр Индиядагы кинофестивалда мыкты аталды

Белгилүү режиссёр, КР эл артисти Артыкбай Сүйүндүков XXVI Калькутта эл аралык кинофестивалында (Индия) “Мыкты режиссёр” наамына ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” маалымдады.

Коюлбай калган пьеса, тартылбай калган тасмалар. Болот Шамшиевдин мурастары

1995-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан кинофестиваль адатта 10-17-ноябрь күндөрү болчу. Бирок пандемияга байланыштуу ал январга жылдырылып, бул ирет онлайын форматта өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.

Толук метраждуу “Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Буга чейин россиялык “Киношок” фестивалында эки сыйлыкка татыган.