Коом
«Алтуха» каймана аты бар Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарылды
Бүгүн, 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алтуха» каймана аты бар Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарды
Бишкек шаарында «Алтуха» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов кармалганын 13-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.
УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов криминалдык чөйрөдөгү негизги фигуралардын бири.
«Кылмыштуу иштерге катыштыгы боюнча керектүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ибраимов ИИМге профилактикалык маектешүүгө чакырылган.