Шайлоодогу добуштар кол менен саналып бүттү. Жыйынтык чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын кол менен 100 пайызга санап бүттү. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлөт.

Анда 2474 шайлоо участкасындагы бюллетендер автоматтык санактан да, кол түрүндө эсептөөдөн да толугу менен өткөнү жазылат. Бир шайлоо участкасындагы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Добуш берүүгө 3 563 574 шайлоочунун ичинен 1 401 726 жаран катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 39,33 пайызын түзөт.

Натыйжада Садыр Жапаров добуштардын 79,23 пайызына ээ болуп алдыга озуп чыккан. Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,78 пайыз, үчүнчү орунда Бабыржан Төлбаев 2,36 пайыз менен турат.