ДССУ пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпей турганын билдирди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Мелита Вуйнович коронавирус пандемиясы качан басаңдашы мүмкүндүгүн айтканын РИА Новости жазды.

Анын билдиришинче, быйыл COVID-19 оорусуна байланыштуу кырдаал кандайча өнүгө тургандыгы боюнча так пикир жок. Бирок пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт.

Вуйнович вакциналар тууралуу акыркы жаңылыктар келечекке үмүт берип, адистерди шыктандырганын белгилеген.

Ал бир катар өлкөлөр массалык эмдөөгө өтүп жатканын белгилеп, дале болсо гигиеналык-санитардык эрежелерди сактоо маанилүү экенин айтты.

Ошондой эле Россияда коронавирус кырдаалы аз-аздан турукташканы байкалганын кошумчалаган.