Коом

Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок – Үсөнбаев

Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулар этап-этабы менен окууга бара башташты.

«Толук окуп жаткан мектептер дагы бар. Ал жерден бир-эки мугалимден коронавирус чыгып калып жатат. Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирс жуктуруп алган учур катталган жок. Көзөмөл катуу болууда. Бишкекте дагы окуучулар мектепке бара баштады. Ата-энелерге айтарым, балдарыңыздарды мектепке барардын алдында жана келгенде анын ден соолугун карап коюңуздар», — дейт ал.

Үсөнбаев балдар арасында оору катталбай турган болсо, анда мектептердин баары кадимки тартипке өтөрүн айтат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button