Парламент Жогорку соттун мыйзамсыз байыган деп камалган судьясын иштен четтетти

Парламент Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кызматынан четтетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Судья декабрь айынын аягында камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

УКМКнын билдиришинче, тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы ал көптөгөн кыймылсыз мүлк сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык үйлөрү, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарда коттедждери, соода борборлорунда коммерциялык объектилери жана люкс-класстагы автоунаалары бар. Булар декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШнын курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Осмоналиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жарыялаган. Сунуш Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын Камил Осмоналиевди жоопко тартуу жана аны кызматтан алуу жөнүндө чечиминин негизинде кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш президенттин сунушу менен Жогорку соттун судьясын кызматтан бошотууга укуктуу. Ал эми президент болсо жергиликтүү сотторду гана кызматынан бошото алат.

Бүгүнкү пленардык жыйында парламент ошондой эле судьялык кызматка Мамытов тарабынан көрсөтүлгөн Дамирбек Назаровдун талапкерлигин тандады.