Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин жубайы дүйнөдөн кайтты

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

“Жетекчилик, коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана министрликтин ички курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт”, — деп айтылат маалыматта.

Молдомуса Конгантиев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички иштер министри болуп эмгектенген.