Окуялар
Бишкекте “Лексус RX300” унаасы күйүп кетти (ФОТО)
Бишкек шаарында “Лексус RX300” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мааалыматка ылайык, кечээ, 21-январда саат 16:36 чамасында Ленин районундагы Тыналиев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус RX300” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.