Жаңы шайланган Президент Садыр Жапаров инаугурацияны уюштуруу маселелерине комментарий берди

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди.

Төмөндө Садыр Жапаровдун комментарийи:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, каржылык жана эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, мындай кырдаалда өлкөнүн экономикасына оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартууга тийиш экендигибизди белгилей кетүү зарыл деп эсептейм. Элибиз бизди түшүнөт жана колдойт деп ойлойм.

Мамлекет башчысынын кызматка киришүүсүнүн калыптанып калган салттарына, стандарттарына жана жол-жоболоруна ылайык, иш-чаралар планын иштеп чыккан Уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирем.

Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү.

Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл”.