Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө кандай өтөөрү айтылды

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч баскычта жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 22-январда Бишкекте брифингде билдирди.

Биринчи өкмөттүн жана донордук уюмдардын каржылык колдоосунда медицина кызматкерлери эмделет.

Экинчи баскычта COVAX программасынын алкагында эмдөө жүрүп, ага оору жугуп калуу коркунучу жогору саналган тобокелдик тобундагылар, калктын социалдык аярлуу катмары кирет.

Үчүнчү баскычта мамлекеттик жана донордук уюмдардын эсебинен жарандарды эмдөө улантылат.

Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү баскычында 371 953 адамга вакцина сайылат, ага 226 млн. сом коротулат. Экинчисинде COVAX программасы – вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын алкагында 1 млн. 200 миң адам эмделет. Ал үчүн глобалдык альянс тогуз вакцинаны Кыргызстанга сунуш кылган, кыргыз өкмөтү алардын арасынан ылайыктуусун тандап алууга тийиш.

Саламаттык сактоо министри 21-январда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берген учурда өлкөдө эмдөө иштери болжол менен 1-июндан башталарын айткан.