Саясат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо апрелде болот

Бишкек шаардык кеңешин кезектеги шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады.

Шаардык кеңештин мөөнөтү аяктап бараткан курамы 2016-жылдын 11-декабрында шайланган. Анда 45 мандат үчүн 14 партия ат салышып, беш партия жеңишке жеткен. Алардын ичинен КСДП 13, «Республика — Ата Журт» 12, «Өнүгүү-Прогресс» сегиз, «Мекеним Кыргызстан» жети, «Кыргызстан» партиясы беш мандатка ээ болгон.

Ал эми 2020-жылдын 12-апрелине белгиленип, пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу шаардык жана жергиликтүү кеңештерин шайлоо качан болору белгисиз.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо менен референдум апрель айында чогуу өтүшү ыктымал экенин, мындай сунуш талкууланып жатканын мындан эки күн мурун БШКнын өкүлү билдирген.

Конституциялык кеңешменин маалыматына караганда учурда Баш мыйзамдын иштелип чыккан жаңы долбоору орус тилине которулуп жатат. Кеңешме долбоордун акыркы вариантын Жогорку Кеңешке берсе, ал өз кезегинде долбоорду референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда, 10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда добуш бергендердин 80% ашыгы президенттик башкаруу формасын колдогон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button