Коом

УКМК «Кыргыз жылуулук энергодогу» 10 млн. сомдук коррупцияны аныктады

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасында ири көлөмдө мазут сатып алуу боюнча жасалма документтер пайдаланылып, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

«Кыргыз жылуулук энерго» ишканасынын жооптуу кызматкерлери ишкердик субъектилер менен алдын ала макулдашып алып, мазут сатып алуу боюнча финансылык жасалма документтер колдонулганы аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян мамлекетке өндүрүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button