Спорт

КР ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрү арасында футболдук турнир болуп өттү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын 55 жылдыгына карата түзүм бөлүмдөрүнүн офицерлери жана ардагерлери арасында футболдук турнир болуп өттү. Калыстардын чечимине ылайык, 9 курама командасы катышты.

Турнирдин ачалышында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлери Дербишев Мамырбек Кадырбекович жана Тургунбаев Арстан Эгинбаевич курама командаларга каалоо тилегин айтып, ийгилик каалашты.

Андан соң, церемониянын жабылышында Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Исаков Дамирбек Жолочуевич, начальниктин орун басарлары милициянын подполковниги Касанов Ралис Бакмутович жана милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубекович кесиптештерине калоо тилектерин айтышты.

Жыйынтыгында, утушка ээ болгон курама командаларга жана мыкты оюнчуларга сыйлыктар тапшырылды:

-I-орун алгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнө кубок, 1чи даражадагы диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

-II -орун алгандыгы үчүн Күзөт кызматынын борбордук аппаратына 2чи даражадагы диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

-III-орун алгандыгы үчүн ведомстволук милиция полкуна 3чү даражадагы диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ошондой эле, мыкты дарбазачысына Кемин райондук күзөт бөлүмүнүн рота командири милициянын улук лейтенанты Шагаев Рахатка, мыкты коргоочу Бишкек шаардык Биринчи райондук күзөт кызматынын күжүрмөн кызматка даярдоо боюнча инспектору милициянын улук лейтенанты Шаршеев Элдиярга жана мыкты чабуучу Күзөт кызматынын ардагери Шагаев Рахатка атайын сыйлыктар тапшырылды.

Атайын сыйлыкты тапшыруу аземинен кийин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Исаков Дамирбек Жолочуевич турнирдин баардык катышуучуларына жаңы жетишкедиктерди жана жогорку жеңиштерге жетишүүнү каалап, өзүнүн сөзүндө “Милицияда кызмат кылуу бул кылмыштуулук менен гана күрөшүү эмес, ошондой эле жигердүү, сергек жашоо мүнөзү экендигин белгиледи.

КРнын ИИМдин Күзөт кызматынын Басма-сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button