Пайдалуу кеңештер

Коронавирустан сакайгандан кийин эске алчу маанилүү жагдайлар

Дүйнөдөгү эң-башкы байлык ден-соолук. Анын баркын өткөн жылы чындап сездик окшойт, адамдын үшүн алган апаат бир заматта бүт дүйнөнү каптады. Бардыгыбыз үйдө отуруп, ден-соолук тилеп калдык. Күнүмдүк жашоодо жөнөкөй, бирок кымбат ден-соолуктун баркын билбей жүрө бердик.

Короновирус инфекциясы Covid-19 акыркы жарым жылда эң күтүлбөгөн жана түшүнүксүз оору болду.

Бүгүнкү күндө врачтар вирустун алсыз жактарын тапкандан кийин, дарылоонун ыкмасын билип, дарылар табылды. Эми дарыгерлер айыккан бейтаптардын саламаттыгын кайра калыбына келтирүү боюнча атайын көнүгүүлөрдү сунушташты. Дегеле ковид илдетинен сакайгандан кийин эмне кылуу керек экенин билип алыңыз.

Ковидден кийин организмди кайра калыбына келтирүү

Чындыгында, жеңил форма менен ооруп чыккан бейтаптар өздөрүн калыбына келтирүү үчүн айларды коротушууда. Ооруканадан адамдар 2-3 жумада чыгышууда. Бирок вирус өпкөнү гана эмес бүтүндөй организмге терс таасирин тийгизип, алсыздыкка алып келет. Алсак, тамак сиңирүүнүн кыйындашы, уйкусуздук, чачтардын түшүүсү, тери ооруларынын пайда болушу байкалат. Организмдин оорудан кийин толук кандуу калыбына келүүсү 2-3 айга созулат, бирок процесс узарып калышы мүмкүн, ар бир оргинизмдин, иммунитеттин бекемдиги индивидуалдуу болуп саналат.

Кандай көнүгүүлөрдү жасоо зарыл?

Оозду жаап дем алуу (дем алууга тоскоолдук жаратуу менен). Бул жөнөкөй, ошол эле учурда натыйжалуу көнүгүү. Газ алмашууну жөнгө салууга көмөкчү болот. Өйдө туруп да, отуруп алып да жасоого болот. Мурун менен кере дем алган соң, абаны кайра ооз аркылуу жай, 4-6 секундда чыгаруу зарыл.

Диафрагма менен дем алуу
 
Чалкасынан жатып алып жасалат. 1, 2, 3 дегенде ичти бекем тартып, анан демди оозду көп ачпастан тереңден, жай чыгарыңыз. Төрт дегенде болушунча ичти керип дем алыңыз. Анан дароо ичтин булчуңдарын кысып, оозду ачпай (ичтен) жөтөлүңүз. Бул техниканы өздөштүрүп алган соң туруп, отуруп, алтургай, чуркап же басып жүргөн абалда да жасай бериңиз.

Көкүрөктүн арты менен оозду жаап дем алуу. Бул үчүн өйдө туруп, буттарыңызды далыга туштап, колдоруңузду эки жакка кересиз. Алакандарды маңдай жакка каратыңыз. Бир дегенде терең дем алып, өзүңүздү кучактаңыз. Бир нече секундга демди катып, эки дегенде үйлөп чыгарыңыз. Кайра баштагы калыпка кайтыңыз.

Коронавирустан кийин ден соолукту калыбына келтирүү. Пульмонологдун кеңеши

Көкүрөктүн алдыңкы тарабы менен оозду жаап дем алуу. Мурдагы көнүгүүдөгү баштапкы абалда бир дегенде терең дем алып, аны менен катар эле колдоруңузду болушунча артка кериңиз. Демди бир нече секундга ичке катып, эки дегенде акырын үйлөп чыгарып, баштапкы калыбыңызга келиңиз. Мындай көнүгүүлөрдү күнүнө 10-15 мүнөтчө үч жолудан кем эмес жасоо керек.

Эске алчу маанилүү жагдайлар:

Көкүрөктүн кыймылын кыспагандай кийинүү керек;
Дем алуу көнүгүүлөрүн тамак ичерден туура эки саат мурун жасаңыз;
Дем алуу жай, эркин болушу зарыл;
Дем алуу дененин кыймылына туура келиши кажет.

Мисалы, дем алганда колдоруңузду жогору көтөрүп, бойду түздөп, колду эки тарапка керип, көкүрөктү кеңейтип, кайра ал ичти карай тартылганда колдорду ылдый түшүрүп, денени эркин таштай демди жай чыгарыңыз.

Көнүгүүлөрдү жатып же өйдө туруп жасоого аракет кылыңыз, отуруп жасагандан көрө бул натыйжалуу болот.

Кыргызстандыктардын көбү пульсоксиметр сатып алышты. Бул жабдыктын сакайгандан кийин да пайдасы тиет. Бейтаптарга дем алуу органдарынын калыптанышына байкоо салууга көмөкчү болот. 

Ошондой эле бассейнде машыгуу. Сууда сүзүү булчуңдарды бекемдеп, дем алууну жакшыртып, организмге пайдалуу таасирин берет.

Оорудан кийин көп адамдар такай чарчоону баса белгилешүүдө. Эгерде ошол чарчоону жеңсе адамдын айыкканынын бирден-бир белгиси. Кыймыл аракетти жандардырып, сейилдөө, спорт залда чуркоо. Эң башкысы ар бир жетишилген жыйынтыкты таштап салбоо, андан ары өөрчүтүү. Барган сайын жетишилген ийгиликтерди улантуу, көбөйтүү болуп саналат.

Бул жерден өзүңдүн абалыңды дайыма көзөмөлдө кармоо, көнүгүүлөр учурунда дем алууда кыйынчылык пайда болсо анда ал 2-3 мүнөттөн кийин басылышы керек. Андан аркы физикалык көнүгүүлөрдү дарыгердин жардамы менен жүргүзүлүшү керек.

Эң жакшысы кайра калыбына келүүнү дарыгердин тыкыр көзөмөлүндө өтүш керек. Ар бир жарандын ден-соолугу мамлекеттин бекемдигин камсыз кылат.

Даярдаган Айсулуу Исабекова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button