Коом

Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады өттү (ФОТО)

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Ак калпак күнүнө карата улуттук кийимдердин парады өттү.

Парад бүгүн саат 10:00дө «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдында башталып, борбордук аянтта жыйынтыкталды.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси да болду.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 5-март – Ак калпак күнү катары 2016-жылдан тарта белгиленип келет.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button