ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамы айымдарын куттукташты

Бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 8-март – Аялдардын эл аралык күнү каратат иш-чара болуп, анда полктун командири милициянын полковниги Аскат Султаналиев айымдарды куттуктады:

“Урматтуу айымдар! Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз. Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген. Миңдеген жылдар көчмөн турмушту башынан өткөргөн элибиздин жашоо турмушунда эркек менен аялдын орду бирдей бааланып келген. Аялзаты керек учурда үстүнө зоот кийип, чачын төбөсүнө түйүп, айбалта, кылычын асынып атка минип, эл ченинде, жоо бетинде, эр азаматтардан калышпай, душманга каршы жоого аттанып, кылыч мизинде, найза учунда өмүр сүргөн: Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Каныкей, Айчүрөк жана Кишимжан сыяктуу эжелерибиз, эл башында Курманжан Даткадай энелерибиз өткөн эмеспи. Баатыр кыздарынын атын эпоско, дастанга айландырып, кылымдардан кылымдарга өчүрбөй айтып келебиз жана алардын көргөзгөн эрдиктери жаңы ар качан өсүп келе жаткан муундарыбызга үлгү. Кыргыз элинде, аялзаты мамлекеттик, ири чечимдерди кабыл алууда да, акылдуулугун көрсөтүп, туура кадам жасоого колдоо көрсөтүп келет. Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын!”.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы