Коронавирус. Акыркы суткада 52 адам жуктуруп, 52 бейтап айыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 52 адамдан табылып, 52си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте коронавирус – 26

адамдан, Чүй облусунда – 16,

Ош облусунда – 6,

Ысык-Көл облусунда – 2,

Баткен облусунда –2.

Ал эми бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 19, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, – деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 291 бейтап, амбулатордук түрдө 264 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 692 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 476 адам каза болду.