Кыргызстандын “Жылдыз” бийчилер тобу Италияда өткөн сынакта 1-орунга ээ болду

Италияда эл аралык “Cultura in movinento” онлайн сынагы өтүп, Кыргызстандан катышкан Чүй райондук маданият үйүнүн “Жылдыз” бийчилер 1-орунду багындарды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка жалпысынан 37 ѳлкѳ катышкан, катышуучулардын курагы 11-12 жашты түзгөн.

“Жылдыз” фольклордук ансамбли бул сынакта “Муха-Цокотуха” бийи менен “Эстрадалык бий” номинациясына катышкан.

“Бул бий Парижде өтө турган эл аралык сынакка катышуу үчүн 2020-жылы даярдалган. Бирок, пандемияга байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Мындан улам, ансамбаль Италияда өтүүчү эл аралык онлайн сынакка катышуу үчүн видеолор жана сүрөттөрдү жөнөткөн. Сынак аяктаган соң, 1-орунду алгандыгы жана 300 еврого ваучерди берилгендиги тууралуу маалымат электрондук кат менен келген”,-дейт ансамблдин жететекчиси Быкова Наталья Александровна.

Эске салсак, “Жылдыз” фольклордук ансамбли эл аралык, республикалык, аймактык жана шаардык мелдештерде байгелүү орундарды алып келген.