Кайра ага барба! Ырчы Чолпон Талипбек аялдар зомбулугуна каршы клип тартты (ВИДЕО)

Эстрада ырчысы Чолпон Талипбек өлкөдөгү аялдар зомбулугуна коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн “Барба” деп аталган ырына клип тартты. Чолпон Талипбектин айтымында, зомбулукка каршы ыр чыгаруу идеясы – Сузакта мойнуна дөңгөлөк асылган аялдын окуясынан кийин пайда болгон. Чолпон өз ырында зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга кайрылат.

“Биринчи куплетинде аялдар зомбулугу жөнүндө айтылат. Ал эми кийинкисинде дем берүүчү сөздөр бар. Анткени кандай гана кыйынчылык болбосун, арты сөзсүз жакшы болот. “Эл эмне дейт” дебестен өз тагдырыңды колго алып, зомбулук болгон жерден кетип калышың керек. Зомбулук болгон жерде сүйүү болбойт”, – деди ырчы.

Ырчы өзүнүн “Ютубдагы” каналына жүктөгөн клибинин алдына өлкөдөгү кризистик борборлордун байланыш номурларын калтырган.

2020-жылы 12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Бул окуя коомчулуктун катуу сынына кабылып, өкмөт үй-бүлөлүк зомбулук боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат. 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62% көбөйгөн.