Ошто көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыздын окуясынан кийин көпүрө алынды

Жакында эле Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн боюн таштап  каза болгон видеосу коомчулукка жарыяланып, бир топ талкуу болгон эле.

Мындан улам аталган көпүрө алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  тастыкташты.

“Аны атайын жеке ишкер экстремалдуу оюн үчүн орноткон. Аны 27-март күнү ээси буздурду”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Маркум кыз жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, турмушка чыккан эмес”.