Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон буйруктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, кол коюлган буйруктарга ылайык:

— Кирешеев Нурлан Исабекович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Ибраев Акылбек Омукеевич Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Карасартов Алмазбек Оганович Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Тердикбаев Эрлис Жекшенович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды;

— Мукамбетов Руслан Мустафаевич Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысынын кол койгон буйругуна ылайык, Чомоев Нурлан Нуридинович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.