Саясат

Турат АКИМОВ: Биз пандемия убагында азыркы Конституциянын үмүтсүз экенин көрдүк

“Биз азыркы Конституциянын үмүтсүздүгүн пандемия убагында билдик”,-деди саясат талдоочу Турат Акимов “Конституциянын жаңы редакциясын талкуулоо: мамлекеттин Баш мыйзамына карата жаңы көз караш” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө.

“Биз кичине болсо дагы конституциялык реформадан өтүшүбүз керек. Ал эми эски Конституцияны кармансак өлкөдө жумушсуздук, жакырчылык, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, каатчылык көбөйүп, барын өзүнө сиңирип алат. Керек болсо пандемия учурунда азыркы Конституциянын үмүтсүз экенин көрдүк. Бары ооруп, эл кырылып жатканда Конституциябыз эмне кылды? Депутаттар жоголуп кетишти, качып кетти десек да болот. Бизде парламенттик башкаруу болгондон кийин ошол депутаттар башында туруп, бардык көйгөйдү чечиши керек эле”,-деди Акимов.

Саясат таануучу бир партиялуулук идеясын колдой турганын айтып, жаңы Конституция менен өлкөдө өнүгүүгө алып келген оң өзгөрүүлөр болот деп ишенет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button