Коронавирус. Жуктургандардын саны Бишкекте жүздөн ашып, дагы бир бейтап каза тапты. Статистика

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 139 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте –123,
Чүй облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 10,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 3,
Жалал-Абад облусунда –3.

Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 774 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 269 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 153 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 271 киши айыгып чыкса, 1 миң 507 адам каза болду.