Кыргызстанда сутка ичинде 124 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 124 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкекте – 77,
Чүй облусунда – 43,
Нарын облусунда – 3,
Ош облусунда – 3.

Ал эми бир сутка ичинде 117 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 662 бейтап, амбулатордук түрдө 763 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 274 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 211 медкызматкер айыгып чыкты”, – дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 277 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 388 киши айыгып чыкса, 1 миң 509 адам каза болду.