Саясат

Дастан Бекешев шайлоого катышууга 5 млн сом чогултуу үчүн жардам сурап кайрылды

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин шайлоосуна өз алдынча барат. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, шайлоо чоң иш-чара жана ал көп каражат короткуусу келбейт. Бирок, шайлоого катышуу үчүн 5 миллион сом керек.

“Мен Жогорку Кеңештин 7чи чакырылышынын шайлоосуна өз алдынча катышууну чечтим. Мен чындыкты айтууну жана жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоо жоопкерчилигин алам. Мага сиздердин жардамыңыздар керек. Сиз волонтёр болуп же каржы жагынан көмөк көрсөтсөңүз болот.

Шайлоо бул кымбат иш-чара жана мен көп каражат сарптагым келбейт. Мага 5 миллион сом жетет. Олигархтардын канча короткуусу келгени менен салыштырсак, 5 миллион сом анча деле көп эмес.

Мен бул каражаттарды социалдык тармактардагы жарнамаларга төлөөгө, бир-эки жарнак такталарын алам, үгүт материалдарын басып чыгарам жана үгүтчүлөрдүн кызматын төлөйм. Үгүтчүлөр сөзсүз керек. Мен шайлоочулардын добушун сатып алууга каражат коротпойм. Кийинчерээк чыгашалардын толук бюджетин жарыялайм.

Эгерде мен ишкер болсом, анда каржы жагынан жардам сурабайт элем. Анын үстүнө, тургундарыбыздын өзүлөрүнүн көпчүлүгү акчага муктаж. Бирок, каражат жок мен шайлоо кампаниясын өткөрө албайм.

Эгерде силерде мүмкүнчүлүк болсо, анда колуңардан келген сумманы которуп коюну суранам. Мен ар бир тыйын башка максаттарга коротулбасын сиздерге ишенимдүү түрдө айта алам. Ал эми коротулган каражаттардын эсебин жарыяланып турат.   

Белгилүү себептерден улам шайлоого катыша албай калсам, чогулган каражатты билим берүү менен байланышкан кайрымдуулук иштерине жумшай (мисалга, китепканага жардам)”, – деген Бекешев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button