Коом

Айыккыс оору менен күрөшкөн бейтаптар бекер кеңеш алса болот. Телефон номерлери

Айыккыс оор илдетке чалдыккандар жана алардын жакындары «Паллиативдик жардам» тынымсыз линиясына чалып бекер консультация алса болот. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кабарлады.

Ага ылайык, медициналык кеңештерди тажрыйбалуу дарыгер-онколог жана терапевттер бермекчи. Зарыл болгон учурда оорулуу менен туугандарынын үйүнө барып консультация бере алышат.

Тынымсыз линиянын номерлери:

  • Элиза, терапевт — 0705180914;
  • Динара, дарыгер-онколог — 0772176427;
  • Салтанат, дарыгер-онколог — 0552140587.

Паллиативдик жардам кимдерге керек?

  • залалдуу шишиктин ар кандай формасы менен жабыр тарткандар;
  • ички органдары катуу жабыркагандар;
  • өнөкөт оорулары күч алгандар;
  • мээнин кан тамырынын бузулушунан жапа чеккендер;
  • жаракаттардын айынан кесепети чоң илдетке кабылгандар;
  • нерв системасы ооруларынын акыркы баскычтары менен күрөшүп жаткандар;
  • деменциянын (акыл-эстин начарлашы) ар кандай түрлөрүнө, анын ичинде Альцгеймер оорусуна кабылгандар;
  • социалдык жактан маанилүү жугуштуу илдеттер менен олуттуу түрдө күрөшүп жаткандар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button