Саясат
Садыр Жапаров жубайы экөө Чоң-Арык айылында добуш берди
Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга добуш берди.
Бул үчүн өлкө башчы Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесине барды.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат.