Курсан Асанов абактан чыгарылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим бүгүн, 12-апрелде, Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып 26-январда кармалган. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (“Имараттарды жана курулмаларды басып алуу”) менен айып тагылган.