Марс Сариев: Референдумду тандоодо эл туура жол менен бара жатканыбызды түшүндү

Кыргызстанда коомдук талкууга абдан кызуу алынып келген Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өттү.  Шайлоочулардын дээрлик 36%ы  Баш мыйзамды колдошту.

Бул тууралуу  эксперт Марс Сариев өзүнүн көз карашын айтты.

«Мен буга чейин референдум кадимкидей эле таза  өтөт деп айткан элем. Көпчүлүк эл Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоп, добуш беришти. Бул элдин  көптөн күткөнү экени айдан ачык – эл өзгөрүүлөрдү күтүп жатат.  Эми ага ылайык, президент Садыр Жапаров ушул өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырган локомотив болот.

Парламенттик республика деп аталган мамлекеттен таптакыр элдин үмүтү үзулүп, көңүл чөгүп турганда, эл Садыр Жапаровду өзүнүн командасы менен келип, өлкөдөгү кырдаалды оңдой турган адам деп ишенүүдө. Мына, бүгүнкү жыйынтык ушул жерден байкалды. Орто эсеп менен Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн 76% добуш берилди. Түштүктөгү айрым аймактарда – Жалал-Абад жана Ош облустарында алдынала маалыматтар 80% дан ашыгыраак.Эң төмөнкү пайыздар Бишкек шаарында болду. Бул эми түшүнүктүү, анткени өкмөттүк эмес сектор бул жерде көп нерселерди жасап жатканы белгилүү.

Негизги оппоненттер Батыш гранттары үчүн иштеген бейөкмөт уюмдар. Демек, бул кадимки эле көрүнүш, аларды эч ким талашпайт. Негизи эле бул референдумга чейин Венеция комиссиясы, Human Rigths жана АКШ элчилиги ачык айтып, бул Кыргызстан үчүн туура жол эмес деп эскертишкен. Менин оюмча, бул  аларга тескери натыйжа берди жана эл биздин туура жол менен бара жаткандыгыбызды түшүнүштү. Бул жерде  талашып-тартышууга эч нерсе жок.

Дагы бир маселе  – жергиликтүү кеңештерге шайлоо көптөгөн суроолорду жаратат. Батышчыл структуралар үчүн  ар кандай кыйкырыктарды жасап,  добуш берүүнү оңдоого, сындоого  шылтоо табылып калат.

Бул абдан көйгөйлүү маселе,  жергиликтүү шайлоодогу добуштарды жокко чыгаруу үчүн мындан да таза шайлоону өткөрүү керектигин айтышат.  Ал эми Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы, океанды чагылдырган бир тамчы суудай эле. Шаардык кеңешти шайлоодогу  кырдаал – бул Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда пайда болушу мүмкүн болгон мини-кырдаал деп эсептесек болот. Кырдаалды азыртадан оңдоп, парламенттик шайлоодо чоң көйгөйлөрдү жаратпашыбыз керек, бул Батыштын биздин мамлекетке каршы акыркы чабуулу болуп калышы керек”.