Окуялар

«Турмушка чыгасыңбы, же каласыңбы» деп сураган кыз ала качкандар аныкталды

Кечээ, 12-апрель күнү кечки саат 21:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында болгон.

«Анда 2003-жылы туулган кызды үйүнүн алдынан сырттан тааныш болгон бала үч досу менен биргеликте күч колдонуп, Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында ала качышкан. Жолдо кетип бара жатышып Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде, кыздан «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?» деп сурашып, кыздын каршылыгынан улам унаадан түшүрүп коюп, белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене «адамды никеге туруу максатында уурдоо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button