Коом
Эки бир тууган окуучудан коронавирус аныкталып, эки мектеп карантинге жабылды
Ошто «Жетиген» мектеп-лицейи жана жеке менчик «Олимп» мектеп-гимназиясы эки окуучудан коронавирус аныкталып 14 күнгө жабылды. Бул туурасында Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Эми 14 күн сабактар онлайн окутулат.
«Олимп» мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу 6-апрелден бери ооруп, мектепке келген эмес. 12-апрель күнү аталган окуучу кыздан COVID-19 аныкталган. Кийинчерээк анын «Жетиген» мектебинде 6-класста окуган бир тууган инисине вирус жукканы белгилүү болгон.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы балдарга оору апасынан жукканын айтууда. Анын илдетке шайлоо маалында үгүт иштерин жүргүзүп жүрүп кабылганы белгиленет.