Окуялар

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа күйүүчү май ташыган вагондун астында калды

Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу унаа күйүүчү май ташыган вагондун астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Индустриальная көчөсүндө күйүүчү май ташыган 20 вагон-цистерна ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Кырсыктын кесепетинен бир вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу жана өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button