Кыргызстан жана Тажикстан чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты

Бүгүн, 3-май саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн түндө кандайдыр бир окуя же атышуу катталган жок. Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарына чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо ведомстволорунун офицерлеринен турган биргелешкен комиссия кошумча күчтөр жана каражаттар жайгашкан аймактарды текшерүү иштерин улантууда. Чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипти кызмат өтөөдө.