Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкекте ысык сууну орозо бүткөндөн кийин өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Так убактысы бекитиле элек, кошумча маалымат берилери убадаланды.

Жылуулук тармагын оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жыл сайын ысык суу бир айга өчүрүлүп келет. Өткөн жылы 1-июндан тарта өчүрүлгөн.

Ушул жылы Рамазан айы 12-майда же 13-майда аяктап, Орозо айт болот.