Коом

Баткенден эвакуациялангандардын так саны белгилүү болду

Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында эвакуацияланган жашоочулардын саны 40 649га жеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Дөбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 365 жаран эвакуацияланган. Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат жана Достук айылдарынан 26 288 киши чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Буга чейин өмүрүнө коркунуч жаралганына байланыштуу 33 миңдей баткендик жашаган жерин убактылуу таштап кеткени айтылып жаткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button